К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин бириккен кесиптик бирлик комитети 2026-жылдын 22-октябрында Социалдык коргоо жана кесиптик бирликтер кызматкерлеринин күнүнө карата «Кесиптик бирлик — эмгек укугун коргоонун жана социалдык өнөктөштүктүн ишенимдүү тиреги» аталышындагы аймактык форум өткөрдү.
Аталган форумга Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин төрагасынын орун басары Айбек Кудайкулов, кесиптик бирлик кыймылынын ардагерлери, облустук кесиптик бирлик уюмдарынын жетекчилери, университеттин жетекчилиги, баштапкы профсоюз уюмдарынын өкүлдөрү, окутуучулар жана кызматкерлер катышты.
Форумдун негизги максаты — кесиптик бирликтердин кызматкерлердин эмгектик, социалдык жана экономикалык укуктарын коргоодогу ролун жогорулатууга, социалдык өнөктөштүктү чыңдоого, аймактык кесиптик бирлик уюмдарынын тажрыйбаларын бөлүшүү жана тармактагы актуалдуу маселелерди талкуулоого багытталды.
Иш-чаранын жүрүшүндө БИККБ Борбордук комитетинин төрагасынын орун басары Айбек Кудайкулов сөз сүйлөп, ал учуда кесиптик бирлик тарабынан бир катар алгылыктуу иштер жүргүзүлүп, билим берүү тармагынын кызматкерлерине көрсөтүлгөн колдоодон улам, алардын ишеничи күн санап өсүп жатканын жана Борбордук комитет ар бир шаардык жана райондук кесиптик бирликтин төрага, төрайымдары менен тыгыз иш алып барып жатканын баса белгиледи. Аны менен катар ар дайым кесиптик бирликтин ишин жакшыртуу үчүн, Борбордук комитет баардык күчүн жумшаарын жана колдоорун айтып өттү.
Мындан тышкары А. Кудайкулов «Кесиптик бирликтин эмгек укуктарын коргоодогу заманбап милдеттери» темасында баяндама жасап, кесиптик бирлик уюмдарынын ишмердүүлүгүн күчөтүүнүн, кызматкерлердин укуктук сабаттуулугун жогорулатуунун жана социалдык кепилдиктерди камсыз кылуунун маанисине көңүл бурду.
Ошондой эле билим берүү тармагынын кызматкерлерине БИККБ Борбордук комитеттин атынан Ардак грамота жана кол сааттар тапшырылды.
Жыйынтыгында форумдун катышуучуларына концерттик программа тартууланды.





















