2026-жылдын 7-октябрында Баткен шаарында Мугалимдер күнүнө карата Баткен облусунун билим берүү кызматкерлери менен Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин төрагасынын кеңешчиси Жунусов Абдыкадыр Арынович, Борбордук комитеттин Баткен облусундагы өкүлү Бөтөков Завиридин Насирович, райондук жана шаардык кесиптик бирлик уюмдарынын төрагалары жана сыйлануучу билим берүү кызматкерлеринин жолугушуу болуп өттү.
катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө төраганын кеңешчиси А.Жунусов мугалимдик кесиптин коомдогу орду, билим берүү кызматкерлеринин жаш муунга сапаттуу билим жана татыктуу тарбия берүүдө аткарып жаткан жооптуу милдеттери жана КР нын президенти С.Жапаров тарабынан билим берүү тармагына көрүлүп жаткан өзгөчө иштерди белгилеп өттү.
Ошондой эле мугалимдик кесип коомдогу эң ардактуу жана жоопкерчиликтүү кесиптердин бири экендигин белгилеп, агартуучулардын эмгегин жогору баалоо жана аларды колдоо боюнча Борбордук комитеттин төрагасы Боёнов Саламат Акылбекович тарабынан жүргүзүп жаткан реформаларга да кеңири токтолду. Ошондой эле кесиптик бирликтин билим берүү кызматкерлеринин эмгек жана социалдык укуктарын коргоодогу маанилүү ролун белгиледи.
Иш-чаранын жүрүшүндө билим жана тарбия берүүдө өзгөчө эмгек сиңирген, ошондой эле кесиптик бирликтин ишине активдүү катышкан билим берүү кызматкерлери “Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин мыктысы» төш белгиси жана Борбордук комитеттин Ардак грамоталары менен сыйланышты.
Жолугушуу Баткен шаарындагы №3 жалпы билим берүү мектебинин мугалимдери тарабынан даярдалган чакан концерттик программа менен коштолуп, иш-чарага өзгөчө көрк жана жагымдуу маанай тартуулады.
Сыйлык ээлери Борбордук комитетке эмгегин жогору баалаганы үчүн ыраазычылык билдиришти. Жолугушуу жылуу маанайда жыйынтыкталды.


























