НООКЕН РАЙОНДУК КЕСИПТИК БИРЛИК КОМИТЕТИ  АТКАРЫЛГАН ИШТЕР БОЮНЧА ЖЫЛ ЖЫЙЫНТЫГЫН ЧЫГАРДЫ

2026-жылдын 11-ноябрында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ноокен райондук кесиптик бирлик комитетинин иш планына ылайык, 2026-жылы  аткарылган иштер боюнча  жыл жыйынтыгын чыгарган иш-чара болуп өттү.

Аталган иш-чарага Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы, аким Т.Ишенбеков, Ноокен – Майлуу-Суу билим берүү бөлүмүнүн башчысы С.Жалилов, Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ноокен райондук комитетинин төрагасы Т.Бакиров, ардагер мугалимдер, баштапкы кесиптик уюмдарынын төрага, төрайымдары, директорлор жана социалдык өнөктөштөр катышты.

Анда Ноокен райондук кесиптик бирлик комитетинин төрагасы Т.Бакиров сөз сүйлөп, 2026-жылда аткарылган иштер жөнүндө маалыматтык презентация жасады.

Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Т.Ишенбеков кесиптик бирлик уюму – бул эмгек мамилелеринде кызматкерлердин укуктарын коргогон, алардын социалдык-экономикалык таламдарын чыңдаган жана эмгек жамааттарында адилеттүүлүктү камсыз кылган эң негизги уюм экендигин белгиледи. Ошондой эле райондук кесиптик бирлик комитетинин билим берүү тармагынын кызматкерлеринин укуктарын, эмгегин коргоо, жагымдуу шарттардын түзүлүшү, алардын ден соолугун бекемдөө жана социалдык өнөктөштүк багытында аткарып жаткан иштерине жакшы ой-пикирлерин айтып өттү.

         Иш-чаранын жүрүшүндө көп жылдар бою эмгектенген, ардактуу эс алууга чыккан 11 ардагер мугалим Ноокен райондук “Билим берүүнүн ардагери” төш белгиси,                      Кесиптик бирлик кыймылына кошкон салымы, коомдук иштерге активдүү катышкандыгы жана үзүрлүү эмгеги үчүн 2 Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин “Кесиптик бирликтин мыктысы” төш белгиси, 9 Ардак грамотасы, 7  Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ноокен райондук комитетин Ардак грамотасы менен сыйланышты.

Ошондой эле, 28-апрель – Эмгекти коргоо күнүнө карата “Мыкты видеоролик” кароо-сынагынын жеңүүчүлөрү, “Мыкты кесиптик бирлик уюму жана төрагасы – 2026” кароо-сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды.

Окшош жаңылыктар