2026-жылдын 28-октябрында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитети тарабынан бекитилген иш планга ылайык, Баткен районунда жайгашкан Кара-Бак башталгыч жалпы билим берүү мектебинде, “Айданек”, “Тайбөбөк” балдар бакчаларында мониторинг иштери жүргүзүлдү.
Аталган иш-чарага Кыргызстан кесиптик биликтер федерациясынын Баткен областындагы өкүлү А.Умаров, Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук Комитетинин Баткен областынданы өкүлү З.Бөтөков жана Баткен райондук комитетинин төрагасы А.Зайитов катышып,
мониторинг учурунда билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин иштери, аларга түзүлгөн шарттар, техникалык коопсуздук эрежелеринин сакталышы сыяктуу маселелер менен жеринде таанышып чыгышты.
Ага ылайык, кесиптик бирликтин өкүлдөрү тарабынан баштапкы кесиптик уюмдарына усулдук жардамдарды беришти. Ошондой эле эмгек жамааттары менен чакан жыйындар өткөрүлүп, учурда БИККБ Борбордук комитети жана райондук комитет тарабынан аткарылып жаткан алгылыктуу иштер боюнча кеңири маалыматтар жеткирилип, кызматкерлердин суроолоруна жооптор берилди.
Билим берүү уюмдарынын кызматкерлери Борбордук комитетке жана райондук комитетке көрүлгөн камкордуктар үчүн ыраазычылыктарын билдиришти



















