2-октябрда Бишкек шаардык билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлиги Улуттук балдар жана өспүрүмдөр борбору «Сейтекте» мугалимдердин кесиптик майрамына арналган салтанаттуу иш-чара өткөрдү. Иш-чарага борбор калаанын педагогдору, кесиптик бирлик уюмдарынын жетекчилери жана билим берүү тармагынын өкүлдөрү катышты.
Бул күн өз өмүрүн жаш муундарды тарбиялоого жана билим берүүгө арнаган ардактуу кесип ээлерине терең урмат-сый жана ыраазычылык билдирүүнүн символу болду.
Салтанаттын негизги бөлүктөрүнүн бири – жогорку кесипкөйлүгү, ак ниет эмгеги жана билим берүү тармагын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы үчүн мыкты кызматкерлерди сыйлоо аземи болду.
Өзгөчө эмгеги менен айырмаланган педагогдорго Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин Ардак грамоталары жана төш белгилери тапшырылды. Сыйлыктарды Кесиптик бирликтин Борбордук комитетинин төрагасы Боёнов Саламат Акылбекович тапшырды.
Салтанаттын дагы бир маанилүү бөлүгү – Бишкек шаардык билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлиги тарабынан педагогдорду сыйлоо болду. Шаардык комитеттин төрагасы Абдракманов Кубатбек Садырбекович көп жылдык ак ниет эмгеги, жогорку кесипкөйлүгү, коомдук жана кесиптик бирлик ишмердигине активдүү катышкандыгы үчүн кызматкерлерге Ардак грамоталарды жана Ыраазычылык каттарды тапшырды.
Өзүнүн куттуктоо сөзүндө Абдракманов Кубатбек Садырбекович педагогдорго күнүмдүк эмгеги, жоопкерчилиги жана кесибине болгон берилгендиги үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирди. Ошондой эле билим берүү тармагынын бардык кызматкерлерине бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакубатчылык, жаңы кесиптик ийгиликтерди, чыгармачылык дем-күч жана эмгегинин татыктуу бааланышын каалады.
Мындан тышкары, шаардык комитеттин төрагасы Бишкек шаардык билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин акыркы эки жыл ичиндеги ишмердигинин жыйынтыктары тууралуу айтып, билим берүү кызматкерлеринин эмгек жана социалдык кепилдиктерин мындан ары да бекемдөөнүн, педагогдорду колдоонун жана кесиптик бирлик кыймылын өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Салтанаттуу иш-чаранын көркүн Улуттук балдар жана өспүрүмдөр борбору «Сейтектин» чыгармачыл жамааты тарабынан даярдалган майрамдык концерттик программа ачып, конокторго жагымдуу маанай тартуулады.
Урматтуу педагогдор жана билим берүү тармагынын кызматкерлери!
Сиздердин эмгегиңиздер — өлкөбүздүн келечегине, жаш муундардын билимине, өнүгүүсүнө жана миңдеген балдардын тагдырына кошулган күнүмдүк зор салым.
Кесипкөйлүгүңүздөр, сабырдуулугуңуздар, даанышмандыгыңыздар жана өз кесибиңиздерге болгон берилгендигиңиздер үчүн терең ыраазычылык билдиребиз.
Эмгегиңиздер ар дайым урмат-сый жана жогорку баа менен коштолсун! Ар бир жаңы күнүңүздөр кубаныч, дем-күч жана эмгегиңиздердин үзүрүн көрүүдөн жаралган сыймык тартууласын!
Мугалимдер күнү кут болсун! Кесиптик майрамыңыздар менен!























