Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим кызмакерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин 2026-2027-жылдардагы окуу жылына карата коюлган иш планга ылайык, Бишкектеги окуу жайлардагы студенттик жатканалардын абалын текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.
Мындай иштер жыл сайын, БИККБ Борбордук комитети менен Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин ортосунда түзүлгөн макулдашуунун алкагында өткөрүлөт.
Мониторингдин жүрүшүндө комиссия тарабынан түзүлгөн графикке ылайык, жатаканалардын 2026-2027-окуу жылына техникалык коопсуздук боюнча даярдыгын, студенттер үчүн түзүлгөн жашоо тиричилик шарттарынын колдонуудагы талаптарга ылайык келүүсү жеринде каралууда.
Ага ылайык, Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин маалымат жана социалдык коргоо бөлүмүнүн башкы адиси Айзада Куланбаева баштаган комиссиялык топтун мүчөлөрү
6-7-октябрда Ж.Баласагын атындагы КУУнун, Б.Эратов атындагы Бишкек-медициналык педагогикалык колледжинин, Бишкек автоунаа-жол колледжинин жатаканаларынын абалын текшерип чыгышты.
Анда окуу жайдын, жатакананын тийиштүү кызматкерлери менен жолугушуу өткөрүлүп, кесиптик бирлик тарабынан айрым маселелер үчүн сунуштар айтылды.
Маалыматка ылайык, жатаканаларды текшерүү иштери 5-13-октябрга чейин жүргүзүлөт.





























