2026-жылдын, 30-сентябрында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигине караштуу Кадамжай райондук комитетинин төрагасынын милдетин аткаруучу К.Жаникулов Майдан айыл аймагында жаңыдан курулуп, пайдаланууга берилген №67 «Кыргызстандын 10 жылдыгы» жалпы билим берүү мектебинен кабар алып, билим берүү мекемесинин ишмердүүлүгү жана түзүлгөн шарттар менен таанышты.
Анда жаны пайдаланууга берилген мектептин директору окуу кабинеттерин, административдик бөлмөлөрдү, спорттук жана башка атайын жайларды көрсөтүп, мектепте окуучулар жана кызматкерлер үчүн түзүлгөн шарттар тууралуу кеңири маалымат беришти.
Директордун айтымында мектеп заманбап талаптарга ылайык курулуп, билим берүү процессин жүргүзүүгө бардык мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн. Бүгүнкү күндө мектепте 900гө жакын окуучу билим алып, 57 кызматкер эмгектенип жатат.
Эки тараптуу жолугушуунун алкагында Кадамжай райондук комитетинин төрагасынын милдетин аткаруучу К.Жаникулов имараттык коомсуздугуна кылдат карап чыкты. Ага ылайык техникалык жана эмгекти коргоо талаптарына өзгөчө көңүл бурулуп, мектеп жетекчилигине жана баштапкы кесиптик бирлик уюмунун төрайымына кызматкерлер менен окуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча тиешелүү эскертүүлөр жана сунуштар берилди. Атап айтканда, эвакуациялык жолдордун дайыма ачык болушу, өрт коопсуздугу боюнча көрсөтмөлөрдүн жеткиликтүү жайгаштырылышы, электр жабдууларынын коопсуз пайдаланылышы, кызматкерлердин эмгекти коргоо боюнча нускамалардан өз убагында өткөрүлүшү жана тиешелүү журналдардын талапка ылайык жүргүзүлүшү зарылдыгы белгиленди.
Кесиптик бирлик үчүн кызматкердин эмгек укугун коргоо менен катар анын коопсуз жана татыктуу шартта эмгектенүүсүнө көмөк көрсөтүү да негизги багыттардын бири болуп саналаарын баса белгиледи.
Жаңы мектеп — бул жаңы имарат гана эмес, бул жаңы мүмкүнчүлүк, жаңы жоопкерчилик жана келечек муунга жасалган чоң инвестиция.




















