Кыргыз Республикасынынбилим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитети
Кесиптик бирликтин расмий порталы — бардык жаңылыктар, документтер жана иш-чаралар бир жерде.
Биздин миссия
Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин миссиясы — билим берүү жана илим тармагында иштеген кызматкерлердин эмгек, социалдык-экономикалык жана кесиптик укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, алардын жашоо сапатын жакшыртууга, коопсуз эмгек шарттарын түзүүгө жана адилеттүү эмгек акыны камсыздоого көмөктөшүү.
Төраганын саламы
Урматтуу кесиптештер жана сайтка коноктор!
Сиздерди Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин расмий сайтына кубануу менен тосуп алам. Биздин бирлик – билим берүү тармагындагы адистердин укугун коргогон, социалдык-экономикалык кызыкчылыктарын алдыңкы планга койгон күчтүү команда. Бул жерде сиздер:
Жаңылыктар менен тааныша аласыз,
Иш-чаралардын календарын карай аласыз,
Өзүңүздү кызыктырган документтерди жүктөп алсаңыз болот,
Бизге кайрылып, юридикалык жана маалыматтык колдоо ала аласыз.
Биздин миссия – ар бир мугалимдин, илим кызматкеринин татыктуу эмгек акысы, коопсуз иш шарттары жана кесиптик өнүгүүсү үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү түзүү. Бирдикте – биз күчтүүбүз. Сайт аркылуу биз жөнүндө толук маалымат, уюмдун түзүмү жана көп жылдан бери жигердүү иштеп келе жаткан тарыхыбыз менен таанышып, мүчөлүк үчүн керектүү документтерди тапсаңыз болот.
Сиздерди кесиптик бирликке кошулууга чакырам. Биргеликте – адилеттүү эмгек шарттарын түзүп, укуктарыбызды коргойлу!

Төрага
Нурматов Рустам Асанович

Биз жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлиги — борбордук комитеттен, облустук жана райондук комитеттерден, мекеме-ишканалардагы баштапкы профсоюз уюмдарынан турат. Биз мүчөлөрдүн укуктарын коргоо, адилеттүү эмгек шарттарын түзүү жана социалдык-экономикалык колдоо көрсөтүү иштеринде 95% канааттануу деңгээлине жеттик .
Биздин негизги ишмердүүлүк
Кесиптик бирликтин ар тараптуу колдоосу
юридикалык жардамдан баштап жаңылыктарга чейин, ошондой эле кесиптик өнүгүү мүмкүнчүлүктөрү.
Биздин артыкчылыктарыбыз
Эмне үчүн биз менен иштешүү керек?
Биз төмөнкү кепилдиктерди сунуштайбыз:
- Ыкчам укуктук коргоо (3 жумуш күнүндө)
- 100% Купуялуулук кепилдиги
- Натыйжалуу материалдык колдоо
- Адилеттүү эмгек шарттары
- Мүчөлөр үчүн бекер онлайн семинарлар
- Юридикалык консультациялар

Маалымат
Жаңылыктар жана Иш-чаралар
Биздин партнерлор



