Бүгүн, 2026-жылдын 6-октябрында Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин жана Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин ортосунда 2026-2028-жылдарга карата кызматташуу боюнча Макулдашууга кол коюлду.
Кол коюлган Макулдашуунун негизги максаты – билим берүү тутумундагы социалдык-эмгектик мамилелерди жөнгө салуу, билим берүү кызматкерлеринин эмгектик, социалдык-экономикалык укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, социалдык өнөктөштүктү өнүктүрүү болуп саналат.
Аталган документке КРдин БИККБнын Борбордук комитетинин төрагасы С.А.Боёнов жана Кыргыз Республикасынын агартуу министри Д.Ш.Кендирбаева кол койду.
Эске салсак, мындай эки тараптуу макулдашуу жыл сайын түзүлөт. Бул тараптардын кызматташуусун тереңдетүүгө, билим берүү тармагын жакшыртууга, кызматкерлерин укугунун корголушуна жана тармакта эмгектенген кызматкерлердин эс алуусун, ден соолугун чыңдоону жана социалдык коргоону камсыз кылууга өбөлгө түзөт.





















