2026-жылдын 16-17-октябрь күндөрү Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитети тарабынан билим берүү тармагынын кызматкерлери үчүн Ысык-Көлдө жайгашкан «Кызыл Гвоздика» ден соолукту чыңдоо борборунда «Жогорку жана орто кесиптик билим берүү уюмдарында социалдык өнөктөштүктү өнүктүрүү: иш берүүчү жана кесиптик бирликтин өз ара аракеттенүүсү» аталышындагы семинар уюштурулду.
Аталган семинарга КРдин Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин кеңешчиси Азамат Сатиев , КРдин Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин төрагасынын орун басары Айбек Кудайкулов, Борбордук комитеттин кызматкерлери, ЖОЖдордун жана АКОЖдордун жетекчилери, кесиптик бирлик комитеттеринин төрагалары катышты.
Иш-чаранын негизги өзөгү – социалдык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө, эмгек укуктарын жөнгө салууда Министрлик, иш берүүчү жана кесиптик бирликтин өз ара кызматташтыгына жана кызматкерлердин социалдык кепилдиктерин камсыз кылууда социалдык өнөктөштүктүн ролуна, эмгекти коргоо жана коопсуз эмгек шарттарын камсыз кылууда иш берүүчү менен кесиптик бирликтин өз ара аракеттенүүсүнө багытталды.
Семинардын ачылышында Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин төрагасынын орун басары Айбек Кудайкулов сөз сүйлөп, кесиптик бирлик тарабынан аткарылып жаткан иш аракеттер, билим берүү тармагындагылар үчүн уюштурулган эс алуулар, спорттук иш-чаралар, семинарлар тармактын жакшырышына жана кызматкерлердин тажрыйба алмашуусуна өбөлгө түзөөрүн баса белгиледи.
Анда катышуучулар, программанын алкагында даярдалган теманын терегегинде уюштуруучуларга бир катар суроолорду узатып, жоопторду алып, иш үстүндө колдонулуучу ыкмалары боюнча тажрыйба алмашып, эки күндүк иш-чарада активдүүлүгүн көрсөтө алышты.
Жыйынтыгында Борбордук комитет тарабынан катышуучуларга атайын сертификат тапшырылды.



















