ОШТО КЕСИПТИК БИРЛИК ТАРАБЫНАН УЛГАЙГАН АДАМДАРДЫН ЭЛ АРАЛЫК КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ  

2026-жылдын 1-октябрында Ош шаарынын кесиптик бирлик комитети тарабынан улгайган адамдардын эл аралык күнү белгиленип, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин төрагасы Саламат Боёнов билим берүү тармагынын улгайган адамдарынан кабар алды.

Иш чарага Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин төрагасы С.Боенов,  150 билим берүү тармагынын ардагерлери, Ош шаарынын мамлекеттик кызмакерлери, Ош шаарынын кесиптик бирлик комитетинин жетекчилиги катышты.  

Улгайган адамдардын эл аралык күнүнө арналган салтанаттуу иш-чарада улууларды куттуктап атайын сыйлыктар ыйгарлып, концерттик программа тартууланды.

БИККБ Борбодук комитетинин төрагасы С. Боёнов  майрам ээлерин куттуктап, алардын билим берүү тармагы боюнча кыргыз элине кылган эмгеги ар дайым жогору бааланаарын баса белгиледи.

“Урматтуу билим берүү тармагынын ардагерлери! Бүгүнкү Улгайган адамдардын эл аралык күнү менен сиздерди куттуктайм. Сиздердин коомго кошкон  салымыңыздар, ошондой эле үй-бүлөлүк жана адеп-ахлактык баалуулуктарды сактоодогу ролуңуздар баа жеткис. Сиздердин бул эмгегиңиздер үчүн урмат-сый жана ыраазычылык билдирүү биздин милдет. Сиздерге узак жашоо жана ден-соолук каалайм”, – деди Боенов.

Маалыматка ылайык, улгайган адамдардын эл аралык күнү жыл сайын 1-октябрда белгиленет. Бул дата улуу муун өкүлдөрүн колдоо, алардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо маселелерине, ошондой эле алардын коомду өнүктүрүүгө кошкон салымын таанууга көңүл бурууга багытталган.

Окшош жаңылыктар