АЛАЙ РАЙОНУНДА БИЛИМ БЕРҮҮ ТАРМАГЫНЫН КЫЗМАТКЕРЛЕРИ СЫЙЛАНДЫ

2026-жылдын 15-октябрында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим кызматкерлеринин Борбордук комитетинин төрагасы Саламат Боёнов Ош облусунун Алай районуна иш сапар менен барып, билим берүү тармагынын кызматкерлери менен жолугушуу өткөрдү.

Аталган жолугушууга Борбордук комитетинин төрагасы Саламат Боёнов, Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы аким Адыл Сапаров жана Алай райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Болотбек Таиров, райондун мектеп жана бала бакчаларында эмгектенген кызматкерлер катышты.

Анда кесиптик бирлик комиттеттери тарабынан аткарылып жаткан иштер, алдыдагы пландар жана жетишкен ийгиликтер тууралуу маселелер айтылды.

Иш-чаранын жүрүшүндө Борбордук комитеттин төрагасы билим берүү тармагынын кызматкерлерин “Мугалимдер күнү” менен жана алдыдагы “Социалдык коргоо жана кесиптик бирликтер кызматкерлеринин күнү” менен куттуктап өттү. Ошондой эле С.Боёнов агартуучулардын кызматы – өлкөнүн жаркын келечегин жарата турган абдан жоопкерчиликтүү жумуш экенин белгилеп, бүгүнкү саамалык дал ошол түйшүктүү эмгектерин баалоо үчүн уюштурулганын кошумчалады.

Жыйынтыгында Билим берүү жана илим кызматкерлеринин Борбордук комитетинин атынан Чоң-Алай районундагы мектеп жана балабакчалардын бир катар кызматкерлерине Ардак грамоталар, “Кесиптик бирликтин мыктысы” төш белгиси жана кол сааттар ыйгарылды.

Окшош жаңылыктар