Үстүбүздөгү жылдын 14-ноябрында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетине караштуу Жумгал райондук КБК тарабынан спорттун волейбол түрү боюнча турнир өткөрүлдү.
Аталган турнирге райондогу 28 мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин кызматкерлери катышып, жалпы 26 команда күч сынашты.
Спорттук иш-чарага негизги сыйлуу конок караты билим берүү уюмдарынын жетекчилери чакырылып, турнирдин жүрүшүндө катышуучуларга ийгилик каалап, мындай оюндар мекемелер жана кызматкерлер ортосунда ынтымактын бекемделишине өбөлгө түзөөрүн баса белгиледи.
Турнирдин жыйынтыгында алгачкы 3 орунду ээлеген командаларга кесиптик бирлик тарабынан атайын дипломдор жана акчалай сыйлыктар ыйгарылды. Ага ылайык төмөнкү командалар жеңишке жетти.
1- Орун “Нур-Жаз” командасы
2- Орун “Мин-Куш” командасы
3- Орун “Кызыл-Жылдыз” командасы ээледи.
Мелдешке катышкан райондогу жалпы бала бакчалардын кызматкерлери сергек жашоону жана кесиптик ынтымакты даңазалашты. Катышуучулар бул оюндан арбын энергия алгандарын баса белгилөө менен биргеликте, кесиптик бирликтин ишине ийгиликтерди каалашты.




















