ОШМПУ СОЦИАЛДЫК КОРГОО ЖАНА КЕСИПТИК БИРЛИК КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН КҮНҮН  БЕЛГИЛЕДИ

Бүгүн, 2026-жылдын 19-октябрында Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде Социалдык коргоо жана кесиптик бирлик кызматкерлеринин күнүнө карата майрамдык иш-чара болуп өттү.

Иш-чара университеттин социалдык иштер кафедрасы жана кесиптик бирлик комитети тарабынан уюштурулуп, ага окуу жайдын жетекчилиги, тиешелүү факультеттин деканы Нурбек Маткаримов, кесиптик бирликтин төрагасы К.Жылкычы уулу, кафедра башчысы Гулбурак Айтиева, окутуучулар жана студенттер катышты.

Салтанат  маданий кече менен коштолуп анда таланттуу студенттер коомдогу социалдык оор көрүнүштөрдү театрлаштырып, катышуучуларга өзгөчө тарбиялык таасир калтырышты.

Мындаш тышкары социалдык иш адистигин даңазалаган поэзияларды көркөм окуп, концерттик программа тартууланды. Кеченин соңунда жетекчилик жана кесиптик бирлик комитети тарабынан активдүү  студенттерге жана окутуучуларга акчалай сыйлыктар жана Ардак грамоталар тапшырылды.

Окшош жаңылыктар