Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитети менен Өзбекстан Республикасынын тиешелүү кесиптик бирлик уюмунун ортосунда түзүлгөн кызматташтык жөнүндө Меморандумдун алкагында эки элдин достугун жана кесиптик байланыштарын чыңдоого багытталган маанилүү иш-чара болуп өттү.
Өзбекстан Республикасында жыл сайын 11-ноябрда белгиленүүчү Кесиптик бирликтер күнүнө карата Фергана райондук кеңеши менен Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай райондук кесиптик бирлик комитетинин өкүлдөрү жолугушту.
Иш-чаранын жүрүшүндө эки өлкөнүн кесиптик бирлик өкүлдөрүнүн катышуусунда спорттук мелдештер уюштурулуп, достук, ынтымак жана биримдик атмосферасы өкүм сүрдү.
Мелдештердин жыйынтыгында спорттун төрт түрү боюнча күч сынашкан командалардын ичинен Кадамжай райондук комитетинин атынан барган спортчулар оюндун үч түрү боюнча биринчи орунду багындырып, мыкты жыйынтык көрсөтүштү.
Албетте, бул жолугушуунун башкы максаты жеңишке жетүү гана эмес, эки элдин ортосундагы кылымдардан бери келе жаткан достукту бекемдөө, тажрыйба алмашуу, кесиптик байланыштарды өнүктүрүү жана өз ара кызматташтыкты жаңы деңгээлге көтөрүү болду.
Биз үчүн эң чоң жеңиш — достук, эң баалуу жетишкендик — ынтымак, ал эми эң чоң байлык — эки элдин ортосундагы биримдик!
Иш-чараны жогорку деңгээлде уюштуруп, кыргыз делегациясын меймандостук менен тосуп алган Фергана райондук кеңешинин жетекчилигине жана жалпы кесиптештерибизге терең ыраазычылык билдиребиз.























