2026-жылдын 16-ноябрында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетине караштуу Жалал-Абад шаардык комитетинин XVIII конференциясы өткөрүлдү.
Конференцияга Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин төрагасынын орун басары Кудайкулов Айбек Обганович, Борбордук комитеттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Сариев Сопубек Камалович, Манас шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Элеманов Мендирман Исмайылович жана кесиптик бирликтин делегаттары катышты.
Конференциянын чечиминин негизинде Манас шаардык комитетинин төрагасын шайлоо өткөрүлдү.
Буга чейин комитетти жетектеп келген Мамасыдыков Максат Муратович башка жумушка которулгандыгына байланыштуу төрагалык кызматын тапшырды.
Шайлоонун жыйынтыгында делегаттардын бир добуштан берген колдоосу менен Эрмеков Асанбек Рысбаевич Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Манас шаардык комитетинин төрагасы болуп шайланды.
Кесиптик бирликтин Манас шаардык комитетинин жаңы төрагасына жооптуу кызматында ийгиликтерди, бекем ден-соолук жана үзүрлүү эмгек каалайбыз!




















