Билим берүү тармагындагылар арасында уюштурулган спартакиаданын биринчи этабы боюнча жеңүүчүлөр аныкталды

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим кызматкерлеринин Борбордук комитети тарабынан 5 күндүк спартакиаданын биринчи этабы боюнча уюштурулган спорттук оюндардын жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөр аныкталды.

-Футбол боюнча:

1- орун- Чүй облусу

2-орун- Талас облусу

3-орун- Ысык-Көл облусу

-Мырзалар арасындагы волейбол:

1-орун-Ош шаары

2-орун-Ош облусу

3-орун- Жалал- Абад облусу

-Кыздар арасындагы волейбол:

1-орун-Талас облусу

2-орун-Ысык-Көл облусу

3-орун- Чүй облусу

-Стол тенниси кыздар :

1-орун-Чүй облусу

2-орун- Ош облусу

3-орун- Жалал-Абад облусу

-Стол тенниси балдар:

1-орун-Ош облусу

2-орун- Нарын облусу

3-орун- Талас облусу

-Тогуз коргоол балдар:

1-орун-Нарын облусу

2-орун-Ысык-Көл облусу

3-орун Ош облусу

-Тогуз коргоол кыздар:

1-орун-Ысык-Көл облусу

2-орун-Ош облусу

3-орун Талас облусу

-Шахмат кыздар:

1-орун-Ысык-Көл облусу

2-орун- Нарын облусу

3-орун- Ош облусу

-Шахмат балдар:

1-орун-Чүй облусу

2-орун- Ош облусу

3-орун- Нарын облусу

Ал эми жалпы алынган упайдын саны боюнча, калыстар тобунун чечимине ылайык:

-Ош облусу биринчи орунду

-Чүй, Ысык-Көл облусу экинчи орунду

-Нарын облусу үчүнчү орунду ээледи.

Билим берүүчүлөр арасында уюштурулган бул иш-чаранын биринчи этабынын жабылыш аземинде Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин төрагасынын орун басары Айбек Кудайкулов жеңишке жетишкен командаларды куттуктап, ал эми жалпы катышуучулардын мындан аркы иштерине ийгилик каалап, бул спартакиада акыркы эмес экендигин кийинки жылы дагы уюштурулаарын билдирди.

Эске салсак, спартакиаданын экинчи этабы 11-12-сентябрь өткөрүлөт.

Окшош жаңылыктар