2026-жылдые 13-июлунда Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарына жана Момбеков айыл аймагында нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, бир катар көчөлөрдү, турак-жайларды, короо-сарайларды каптап, инфраструктуралык объектилерге зыян келтирген.
Болуп өткөн сел кырсыгынын кесепетинен бир катар мугалимдердин турак-жайлары, үй-мүлкү жана жеке чарбасы зыянга учурап, жалпы 50дөн ашык билим берүү кызматкерлеринин үйүн, 2 бала бакча жана 1 мектепти сел каптаган.
Сел кырсыгынан жабыркаган кызматкерлерге Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетине караштуу Ноокен райондук комитети тарабынан бюджеттик мүмкүнчүлүккө жараша материалдык жактан колдоо көрсөтүлдү.






















