2026-жылдын 31-июлунда Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин төрагасынын орун басары Айбек Кудайкулов Жалал-Абад облусуна иш сапары менен барып, Тогуз-Торо райондук кесиптик бирлик комитетинде кезексиз пленум өткөрдү.
Аталган иш-чарага комитет мүчөлөрү, баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын төрагалары жана тиешелүү өкүлдөр катышты. Жыйындындын жүрүшүндө кесиптик бирлик тарабынан аткарылган иштер боюнча кеңири маалымат баяндалып, акыркы мезгилдеги жетишкендиктер жана алдыга коюлган пландар талкууланды.
Мындан тышкары, иш-чаранын алкагында буга чейин Райондук төрага кызматын аткарып келген Садыков Семетей Рыскулович өз каалоосу менен кызматтан кеткендиги маалымдалып, анын ордуна Тогуз-Торо райондук Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетине Кедеев Нарынбек Абдымуталикович жаңы Төрага болуп шайланып, кызматтык жамаатка тааныштырылды.
Жыйындын жыйынтыгында Борбордук комитеттин төрагасынын орун басары Айбек Кудайкулов жаңы жетекчиликке ийгилик каалап, уюмдун ишин мындан ары да жигердүү улантууну жана жоопкерчилик менен иш алып барууну тапшырды.

















