Иш-чарага Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин төрагасынын орун басары Айбек Кудайкулов, билим берүү бөлүмүнүн башчысы, мектеп жана бала бакча жетекчилери, ошондой эле баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын өкүлдөрү катышты.
Жыйында кесиптик бирлик уюмдарынын ишмердүүлүгү жана педагогикалык жамааттын укуктары кеңири талкууланды. Катышуучулар өздөрүн кызыктырган суроолорду берип, пикир алмашуу жүргүзүштү.

















