Президиум өткөрүлдү: Нарын облусунда өкүл дайындоо жана Чүй облусуна коомдук өкүл бекитүү боюнча чечимдер кабыл алынды

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Президиумунун жыйынында уюмдун ишмердүүлүгүнө байланыштуу актуалдуу маселелер каралып, тиешелүү чечимдер кабыл алынды. Жыйында кесиптик бирликтин мындан аркы өнүгүүсү, кызматкерлердин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо маселелери талкууланды.

Жыйындын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин Нарын облусундагы өкүлүн дайындоо маселеси каралып, аймактагы комитеттердин ишин оптимизациялоо, кызматкерлердин укуктарын коргоону күчөтүү жана кесиптик бирликтин ишмердүүлүгүн жакшыртуу максатында тиешелүү чечим кабыл алынды.

Президиумдун чечими менен Абдракманов Кубатбек Чүй облусунун коомдук өкүлү болуп дайындалды. Ал аймактагы райондук жана шаардык комитеттердин ишине жетекчилик кылып, тармактагы кызматкерлердин кызыкчылыктарын коргоо жана кесиптик бирликтин ишмердүүлүгүн мындан ары өнүктүрүүгө салым кошот.

Окшош жаңылыктар