Баткен районундагы Ш. Токсонов атындагы жалпы билим берүү мектебинин жыйындар залында Борбордук Комитеттин төрагасынын кеңешчиси А. Жунусов, Борбордук Комитеттин Баткен областындагы өкүлү З. Н. Бөтөковдор менен Баткен шаарынын, Баткен районунун, Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарларынын кесиптик бирлигинин төрага, төрайымдары жана мугалимдеринин жолугушуусу болуп өттү.
Жыйында А. Жунусов мугалимдердин коомдогу орду, кесиптик бирликтердин аткарган иштери жөнүндө сөз сүйлөп, мугалимдердин коомдогу эң ардактуу кесип ээлери экендигин баса белгиледи. Окуучуларга билим жана тарбия берүүдө өзгөчө сиңирген эмгеги жана кесиптик бирликтин ишине активдүү катышкан кесиптик бирлик мүчөлөрү “Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин мыктысы” төш белгиси жана Борбордук Комитеттин Ардак грамоталары менен сыйланышты.

















