2026-жылдын 24-март күнү «Мыкты тарбиячы» сынагы старт алып, 2026-жылдын 25-мартында Баткен шаарындагы «Акжолтой-Баткен» мектепке чейинки билим берүү мекемесинин базасында «Жыл тарбиячысы – 2026» сынагынын шаардык этабы жыйынтыкталды.
Бул иш-чарага Баткен шаарынын социалдык-маданий өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Д. Эгембердиева, шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы К. Акимов, билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин шаардык комитетинин төрайымы Ы. Сапарбаева, ошондой эле шаардын мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин тарбиячылары катышышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө тесттик тапшырмалар, ачык сабактар жана кырдаалдык суроо-жооптор өткөрүлүп, сынакка катышуучулар жогорку деңгээлдеги даярдыгын көрсөтүп, калыстар тобунун жогорку баасына ээ болушту.
Социалдык өнөктөш болгон Баткен шаардык мэриясы жана шаардык кесиптик бирлик комитетинин атынан бардык катышуучуларга жана жеңүүчү тарбиячыларга сертификаттар, грамоталар жана баалуу белектер тапшырылды.














