Манас шаарында Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитети тарабынан кесиптик бирлик мүчөлөрүн сыйлоо аземи салтанаттуу түрдө өткөрүлдү

Иш-чарага Борбордук комитеттин төрагасынын кеңешчиси Абдыкадыр Жунусов, Борбордук комитеттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Сопубек Сариев, Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жалал-Абад шаардык комитетинин төрагасы Максат Мамасыдыков, ошондой эле Таш-Көмүр жана Майлуу-Суу шаарларынын, Ноокен жана Базар-Коргон райондорунун төрагалары, төрайымдары жана кесиптик бирлик мүчөлөрү катышты.

Сыйлоо аземинин алкагында тармакта үзүрлүү эмгектенип, кесиптик бирлик кыймылына активдүү салым кошкон кызматкер “Кесиптик бирликтин мыктысы” төш белгиси жана “Кесиптик бирликтин Ардак грамотасы” менен сыйланышты.

Сыйлыктарды Борбордук комитеттин төрагасынын кеңешчиси Абдыкадыр Жунусов тапшырып, сыйлануучуларга ак ниет каалоо-тилектерин жолдоп, алардын эмгегине жогорку баа берди.

Окшош жаңылыктар