Сузак районундук Билим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин конференциясы болуп өттү. Жыйында комитеттин ишмердүүлүгү, алдыдагы милдеттери жана уюштуруу маселелери каралды.
Конференциянын жыйынтыгында Матмусаева Нургуль Режевалиевна кайрадан төрайым болуп шайланды. Делегаттар анын ишине ишеним билдиришип, жамааттык колдоо көрсөтүүгө даяр экендиктерин белгилешти.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин төрагасы Саламат Боёнов катышты.
















