Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин төрагасы Саламат Боёнов Ош шаардык кесиптик бирлик комитетинин президиум мүчөлөрү менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө билим берүү тармагындагы актуалдуу маселелер, тармак кызматкерлеринин социалдык-экономикалык абалы, эмгек укуктарын коргоо, ошондой эле кесиптик бирликтин ишмердүүлүгүн өркүндөтүү багытындагы демилгелер кеңири талкууланды.
Төрага Саламат Боёнов кесиптик бирликтин негизги милдети — тармак кызматкерлеринин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын натыйжалуу коргоо экенин белгилеп, бул багытта биргелешкен аракеттерди күчөтүүгө чакырды.














