Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитети тарабынан бекитилген январь айындагы иш планга ылайык, Баткен облусундагы өкүлү З.Бөтөков жана инспектор К. Жаникулов ошондой эле Баткен райондук кесиптик бирлик комитетинин техникалык инспектору А.Масалиевдер Кара -Токой, Б.Акматов, Б.Мергенов атындагы жалпы билим берүү жана Айгүл-Таш башталгыч мектептерине ошондой эле Жетиген, Лилия, Кара-Токой мектепке чейинки билим берүү мекемелерине эмгекти коргоо жана техникалык коопсуздук эрежелеринин сакталышы, жана баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын иш кагаздарынын туура жүргүзүлүшү боюнча мониторинг жүргүзүлдү.
Бул мониторингге Кыргызстан профсоюздар федерациясынын Баткен областындагы өкүлү Х.Айкынов жана инспектор А. Умаровдор катышышты. Мониторинг учурунда аталган билим берүү мекемелеринин директорлору, кесиптик бирлик комитеттеринин төрага, төрайымдары менен биргеликте аткарылып жаткан иштер каралып, усулдук жардамдар көрсөтүлдү. Билим берүү мекемелеринин жетекчилерине жана кесиптик бирлик комитеттерине Кыргызстан профсоюздар федерациясы жана Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитети тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер жана реформалар тууралуу маалыматтар берилди.

















