Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин төрагасы Саламат Боёнов борбордук комитеттин аппарат кызматкерлери менен бирге ОшМУнун медициналык клиникасын, ошондой эле Медицина жана Эл аралык медицина факультеттеринин материалдык-техникалык базасы менен таанышып чыкты.
Иш сапардын жүрүшүндө клиниканын ишмердүүлүгү, окутуу-терапиялык бөлүмдөрдүн абалы жана студенттер үчүн түзүлгөн шарттар боюнча маалымат берилди.


























