Ош облусунун баштапкы кесиптик бирлик уюмдары үчүн семинар өткөрүлдү

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде Ош облусунун билим жана илим кызматкерлеринин баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын төрагалары жана төрайымдары үчүн «Билим берүү уюмдарындагы кесиптик бирликтин ролу: укуктар жана милдеттер» аттуу окутуу семинары өткөрүлдү.

Иш-чараны КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин төрагасы Саламат Боёнов жана ОшМПУнун ректору Бекмурза Зулуев ачып, семинардын маанилүүлүгүн белгилешти. Семинар Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясынын алдындагы Эмгек Институтунун Профсоюзу менен биргеликте уюштурулду. Алар баштапкы уюмдардын ишмердүүлүгүндөгү жоопкерчилик, кызматкерлердин эмгек укуктарын коргоо жана социалдык өнөктөштүктү өнүктүрүү багыттарында басым жасашты.

Семинарга Борбордук комитеттин аппарат кызматкерлери жана Ош облусунун 7 районунан келген 100дөн ашуун баштапкы уюмдардын жетекчилери катышты. Катышуучуларга эмгек укуктары, эмгек мыйзамдары, баштапкы уюмдардын ишин натыйжалуу уюштуруу, жамааттык келишимдер жана эмгек мамилелерине тиешелүү ченемдик-укуктук актылар боюнча кеңири маалымдамалар жана презентациялар сунушталды.

Иш-чаранын жыйынтыгында катышуучуларга тастыктоочу сертификаттар тапшырылып, уюштуруучуларга ыраазычылык билдирилди.

Окшош жаңылыктар