Ош шаарында билим жана илим кызматкерлеринин баштапкы кесиптик бирлик уюмдары үчүн окутуу семинары болуп өттү

Ош шаарында билим жана илим кызматкерлеринин баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын төрагалары жана төрайымдары үчүн «Билим берүү уюмдарындагы кесиптик бирликтин ролу: укуктар жана милдеттер» аттуу окутуучу семинар уюштурулду.

Иш-чарага жалпы 100гө жакын баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын жетекчилери катышты. Семинарда эмгек укуктары, эмгек мыйзамдары, баштапкы уюмдардын ишмердүүлүгү жана алардын ишти натыйжалуу уюштуруу көндүмдөрү боюнча кеңири маалымат берилди.

Семинардын жыйынтыгында катышуучуларга сертификаттар тапшырылды. Ал иш-чарага КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин төрагасы Боёнов Саламат Акылбекович жана аппарат кызматкерлери катышты.

Семинар Ош шаарындагы №11 В.В.Терешкова атындагы жатак-мектебинде өттү.

Окшош жаңылыктар