2025-жылдын 20-ноябрында Токтогул районунда Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин райондук комитетинин IX конференциясы өткөрүлдү. Конференцияга 33 делегат катышты.
Конференцияга Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин төрагасы Саламат Боёнов, Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Куттубек Аттокуров, Борбордук комитеттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Сопубек Сариев, Билим берүү бөлүмүн башчысынын милдетин аткаруучу Омурбек Мадылбаев катышты.
Конференциянын күн тартибинде райондук комитеттин 2024–2025-жылдардагы иши жана текшерүү комиссиясынын отчёту угулуп, канааттандырарлык деп табылды. Ошондой эле райондук комитеттин курамы бекитилип, төрага жана президиум шайланды.
Токтогул райондук комитетинин төрайымы болуп Ажыбаева Кишимжан Кыштообаевна бир добуштан шайланды






















