Каракол шаарында кезектеги кайра шайлоо конференциясы өттү

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинин кезектеги кайра шайлоо конференциясы болуп өттү.

Күн тартибинде акыркы жылдардагы ишмердүүлүктүн отчёту угулуп, делегаттар тарабынан бир катар актуалдуу маселелер талкууланды. Жыйындын жүрүшүндө уюмдун алдыдагы иштери боюнча бир катар чечимдер кабыл алынды.

Конференциянын жыйынтыгында Каракол шаардык кесиптик бирлик комитетинин төрайымы катары Акмолдоева Гульдар Шавкатбековна кайрадан шайланып, көпчүлүк добуш менен колдоого ээ болду.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин төрагасынын орун басары Айбек Кудайкулов катышты .

Окшош жаңылыктар