Талас облусунда баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын төрагалары үчүн семинар уюштурулду

Талас облусунда билим берүү кызматкерлеринин баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын төрага жана төрайымдары үчүн «Билим берүү уюмдарындагы кесиптик бирликтин ролу: укуктар жана милдеттер» аттуу окутуучу семинар уюштурулду.
Иш-чарага жалпы 100гө жакын баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын төрагалары жана төрайымдары катышты. Семинарда эмгек укуктары, эмгек мыйзамдары, баштапкы уюмдардын ишмердүүлүгү жана алардын ишти натыйжалуу алып баруу жөндөмдүүлүктөрү боюнча кеңири маалымат берилди.

Семинардын жыйынтыгында катышуучуларга сертификаттар тапшырылды. Борбордук комитеттин төрагасынын орун басары Айбек Кудайкулов жана аппарат кызматкерлеринин катышуусунда болуп өттү.

Окшош жаңылыктар