Кыргыз Республикасынын агартуу министрлигинде Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлиги менен биргеликте жыйын болуп өттү

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин төрагасы Саламат Боёнов, ошондой эле агартуу министринин биринчи орун басары Мухтарбек Баймурзаев жана министрдин орун басары Альберт Махметкулов катышты.

Жыйындын жүрүшүндө билим берүү тармагындагы кызматкерлердин эмгегин баалоо, социалдык-эмгек мамилелерин жакшыртуу жана кызматкерлерди ар тараптан колдоо маселелери каралды. Ошондой эле министрлик менен кесиптик бирликтин ортосундагы кызматташтыкты мындан ары да чыңдоо багытында пикир алмашуулар болду.

Иш-чаранын алкагында тармактагы мыкты кызматкерлерге Борбордук комитет тарабынан Ардак грамоталар жана “Кесиптик бирликтин мыктысы” төш белгиси тапшырылды.

Окшош жаңылыктар