Иш-чарага окуу жайдын 200гө жакын студенти катышты. Конференциянын жүрүшүндө ачык шайлоо өткөрүлүп, текшерүү комиссиясы жана ревизиялык комиссия шайланды.
Жыйындынын соңунда студенттик кесиптик бирлик кеңешинин төрайымы болуп Турдубекова Бегимай Улановна шайланды.
Бул иш-чаранын негизги максаты — жогорку окуу жайларда студенттик профсоюз кыймылын жандандыруу, жалпыреспубликанын ичинде профсоюздун негизги багыттарын жайылтуу жана аларды ишенимдүү кадамдарга жеткирүү болуп саналат.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин төрагасынын орун басары Айбек Кудайкулов катышты.






















