Аламудун райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетине жаңы төрайым шайланды

Аламудун райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинде кезектеги конференция өттү. Иш-чаранын жүрүшүндө комитеттин төрайымы болуп Гулзат Алымкулова кайрадан бир добуштан шайланды.

Конференцияга райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы, делегаттар жана ардактуу коноктор катышты. Жыйында кесиптик бирликтин алдындагы иш-пландары, мугалимдердин социалдык маселелерин чечүү жолдору, ошондой эле билим берүү тармагын өнүктүрүү багытындагы демилгелер кеңири талкууланды.

Окшош жаңылыктар