Кемин райондук кесиптик бирлик комитетинде кезектеги конференция болуп өттү. Иш-чарада акыркы беш жылдак ишмердүүлүккө баа берилип, келечектеги багыттар талкууланды.
Конференциянын жүрүшүндө комитеттин жаңы төрайымы шайланып, бул жооптуу кызматка Нуржамал Каипова ишеним артып тандалды.
Иш-чарага тармактын активдүү өкүлдөрү, делегаттар жана коноктор катышты. Кесиптик бирликтин алдыдагы пландары, мугалимдердин социалдык маселелерин чечүү жолдору жана билим берүү тармагын өнүктүрүү багытындагы демилгелер кеңири талкууланды.
Бул иш-чарага ошондой эле Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин төрагасынын орун басары Кудайкулов А.О. катышты.





















