Ысык-Көл облусундагы «Кызыл Гвоздика» эс алуу борборунда «Жогорку жана кесиптик орто билим берүү окуу жайларында кесиптик бирликтин ролу: укуктар жана милдеттер» темасында семинар өттү.
Эки күнгө созулган иш-чарага Жогорку жана акесиптик атайын билим берүү окуу жайларынын төрагалары/ төрайымдары катышып, билим берүү тармагындагы кесиптик бирликтердин укуктары, милдеттери жана алардын кызматкерлердин социалдык-эмгектик кызыкчылыктарын коргоодогу мааниси талкууланды.
Семинардын жыйынтыгында катышуучуларга сертификаттар тапшырылып, жаңыдан кабыл алынган Эмгек кодексинин нускасы берилди.




















