Иш-чаранын алкагында бир катар мыкты мугалимдер Ардак грамоталары, «Кесиптик бирликтин отличниги» төш белгиси жана 100-жылдык юбилейлик медалы менен сыйланышты. Бул сыйлыктар алардын көп жылдык үзүрлүү эмгегин жана билим берүү тармагына кошкон салымын тастыктап турат.
Рустам Нурматов Ат-Башынын агартуучуларына ыраазычылыгын билдирип, кесиптик бирлик дайыма билим берүү кызматкерлерин колдоого жана алардын укуктарын коргоого даяр экенин баса белгиледи.




















