Агартуучулар таза абада эс алып, маданий жана спорттук иш-чараларга активдүү катышышты. Эс алуу борборунда түзүлгөн ыңгайлуу шарттар алардын толук кандуу эс алуусуна өбөлгө түздү.
Бул иш-чара мугалимдердин үзүрлүү эмгегине болгон терең ыраазычылыктын белгиси катары уюштурулуп, райондук жана шаардык кесиптик бирлик
комитеттеринин колдоосу менен ишке ашырылды.
Эс алуу иш-чарасына Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин төрагасы Нурматов Рустам Асанович жана анын орун басары Кудайкулов Айбек Обганович өздөрү барып катышышып, мугалимдер менен баарлашып, тилектерин билдиришти.










