2025-жылдын жайкы мезгилинде Билим жана илим
кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин колдоосу менен
250дөн ашык агартуу тармагынын балдары «Барчын» ден
соолук чыңдоо лагеринде эс алууда.
Борбордук комитеттин жетекчилиги лагердин
ишмердүүлүгү менен жеринен таанышып, балдардын эс
алуусунун коопсуздугу жана уюштурулган маданий,
спорттук иш-чаралар тууралуу маалымат алды.



