Бул объект билим берүү кызматкерлеринин ден соолугун чыңдоого жана сергек жашоо образын илгерилетүүгө багытталган.
Ачылыш аземди Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин борбордук комитетинин төрагасы Нурматов Рустам Асанович өткөрүп, лента кесүү салтанатына пленум мүчөлөрү жана атайын чакырылган коноктор да катышты.
Аянтчанын ачылышынан кийин спорттук маанайда волейбол боюнча турнир өткөрүлдү. Мелдешке пленумдун катышуучулары жана өкүлдөрдөн түзүлгөн командалар катышып, жигердүү оюн көрсөтүштү.
Жеңүүчүлөргө жана мыкты оюнчуларга грамота жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.






