Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин төрагасынын орун басары Айбек Кудайкуловдун жана А. Куланбаеванын катышуусунда Каракол шаарындагы баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын жетекчилери менен жолугушуу болуп өттү.
Жолугушуунун негизги максаты — кесиптик бирликтин ишмердүүлүгүн өркүндөтүү, учурдагы негизги маселелерди талкуулоо жана кызматкерлердин укуктарын коргоо багытында биргелешкен аракеттерди ишке ашыруу болду.
Ошондой эле, кесиптик бирлик мүчөлөрүнүн кызыкчылыктарын коргоо жана алардын укуктарын камсыздоо боюнча бир катар жаңы демилгелер сунушталды.
Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар пикир алмашып, келечектеги кызматташтыкты чыңдоого багытталган бир катар конкреттүү чечимдерди кабыл алышты.