15 апрелде билим берүү кызматкерлеринин Ак-Суу райондук кесиптик бирлик комитетинин кезектеги Х отчеттук шайлоо конференциясы өткөрүлдү

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин төрагасынын орун басары А. Кудайкуловдун, А. Куланбаева менен Ак-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары А. Турсунбаеванын катышуусунда өттү.

Конференцияда 2020–2025-жылдар аралыгында Ак-Суу райондук кесиптик бирлик тарабынан аткарылып жаткан иштер тууралуу кеңири маалымат берилди жана алдыдагы иш-пландар белгиленди.

Буга чейин райондук кесиптик бирлик комитетинин төрагасы болуп иштеп келген Э. Садабаев кызматын тапшырып жаткандыгына байланыштуу, жаңы төрага шайлоо өткөрүлдү. Натыйжада Ж. Субанкбеков атындагы орто мектебинин баштапкы кесиптик бирлик уюмун жетектеп келген Талантбеков Кайрат Талантбекович райондук кесиптик бирлик комитетинин төрагасы болуп делегаттардын бир добушу менен шайланды.

Окшош жаңылыктар