8-МАРТ – АЯЛДАРДЫН ЭЛ АРАЛЫК МАЙРАМЫ МЕНЕН!

КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин төрагасы Рустам Нурматовдун 8-март – Аялдардын Эл аралык майрамы менен куттуктоосу:

Урматтуу энелер, эже-карындаштар жана жалпы асылзат айымдар!

Сиздерди 8-март – Аялдардын Эл аралык майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Аялдар – биздин коомдун негизги түзүүчүлөрү, алардын жардамы жана эмгеги ар бир үй-бүлөнүн, коомдун жана мамлекеттин гүлдөп өнүгүшүнө зор таасирин тийгизип келет.

Бул күн — сиздердин эмгегиңиздерди, сабырдуулугуңуздарды, энелик сүйүүңүздөрдү жана коомдогу маанилүү ордуңуздарды баалаган күн. Коомдогу бардык ийгиликтер сиздердин күчүңүздөрдөн, сабырдуулугуңуздардан жана сүйүүңүздөрдөн көз каранды.

Урматтуу асылзат айымдар!

Жаздын алгачкы гүлдөрүнүн жаңы жыпар жыты сиңген ушул майрамда сиздерге жайдары маанай, бекем ден соолук, үй-бүлөлүк чексиз бакыт, кайратмандылык, иштериңизде жаңы бийиктиктерди жана жогорку жетишкендиктерди каалайбыз!

Урматтоо менен,
КР Билим жана илим кызматкерлеринин
кесиптик бирлигинин
Борбордук комитетинин төрагасы
Рустам Нурматов

Окшош жаңылыктар