2026-жылдын 18-20-сентябрында кереметтүү Ысык-Көлдө “Улан балдардын ден-соолугун чыңдоо” борборунда, Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясынын Жаштар кеңеши тарабынан уюштурулган спорттук иш-чарага Билим берүү жана илим тармагынын кызматкерлери дагы катышты.
Аталган спартакиадага өлкөнүн баардык тармагы боюнча федерациянын курамына кирген кесиптик бирликтер уюмдары катышты. Ага ылайык, Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитети тарабынан 12 команда катышып, спорттун 9 түрү боюнча таймашты.
Аталган спартакиаданын жыйынтыгы боюнча билим берүү тармагынын кызматкерлери төмөнкүдөй ийгиликтерди багындырып, жалпы командалык эсеп боюнча 1-орунду багындырды.
-Таяк тартыш: 75 жашка чейин 3 – орун, 75+ 2- орун;
-кол күрөш 1 – орун;
– шахмат Айымдар 3-орун, эркектер 2- орун;
-стол тенниси: эркектер 2-орун, айымдар 2- орун;
-волейбол 1- орун;
-футбол 1- орун;
– аркан тартыш 1 – орун,
-100 м чуркоо айымдар 1- орун, эркектер 3- орун.
Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин жетекчилиги катышуучуларды жетишкен ийгилиги менен куттуктап, алар менен сыймыктана турганын билдирди.
Эске салсак, бул спартакиядага катышкан билим берүү тармагынын кыщматкерлери буга чейин Борбордук комитет тарабынан уюштурулган спартакиаданын жеңүүчүлөрү.
























