МОНИТОРИНГ: ИШТИН САПАТЫН АРТТЫРУУГА БАГЫТТАЛГАН ИШ-АРАКЕТ

Бүгүн, 2026-жылдын 16-сентябрында, Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетине караштуу Кадамжай райондук комитетинин төрагасынын милдетин аткаруучу К.Жаникулов, Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясынын Баткен облустук өкүлчүлүгүнүн өкүлү Х.Айкынов жана инспектор А.Умаров менен биргеликте кезектеги мониторинг иштерин жүргүзүштү.

Иш-чарасы Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитети тарабынан бекитилген Баткен облустук өкүлчүлүгүнүн жана Кадамжай райондук комитетинин сентябрь айынын иш пландарынын негизинде уюштурулду.

Мониторинг жана усулдук жардам берүү Кадамжай районунун Марказ айыл аймагында жайгашкан жалпы билим берүү мектептеринде жана мектепке чейинки билим берүү уюмунда болуп, эмгек жамааттарынын ишмердүүлүгү, кызматкерлердин эмгек укуктарынын сакталышы жана кесиптик бирлик уюмдарынын иш алып баруусу боюнча маселелер каралды.

Мындан тышкары, мугалимдерге жана иш берүүчүлөргө тиешелүү усулдук жана практикалык жардамдар көрсөтүлүп, алардын суроолоруна түшүндүрмөлөр берилип, кызыктырган маселелер боюнча пикир алышуулар жүргүзүлдү.

Мындай мониторингдердин негизги максаты — көйгөйлүү маселелерди өз убагында аныктап, мыйзам чегинде чечүүгө көмөктөшүү, кызматкерлердин укуктук сабаттуулугун жогорулатуу жана иш берүүчүлөр менен кесиптик бирлик уюмдарынын өз ара кызматташтыгын бекемдөө.

Ар бир өз убагындагы кеңеш жана практикалык жардам — иштин эрте, туура жана сапаттуу жүрүшүнө өбөлгө түзөт.

Окшош жаңылыктар