Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитети тарабынан уюштурулган, Жогорку жана атайын кесиптик орто окуу жайлар арасындагы спорттук иш-чаранын экинчи этабы башталды.
Аталган иш-чарага КРдин БИККБнын Борбордук комитетинин төрагасы С.Боенов, И.Раззаков атындагы КМТУнун ректору М.К.Чыныбаев, Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин
Кесиптик бирлигинин төрайымы Н.К.Аскарова, Ж.Баласагын атындагы КУУнун Кесиптик бирлик комитетинин төрагасы К.С. Жумабеков, ОшМУнун Кесиптик бирлик комитетинин төрагасы А.Э.Сатаров, мелдешке катышкан окуу жайлардын төрага, төрайымдары катышты.
Анда окуу жайдын кызматкерлери (аялдар, эркектер) спорттун 5 түрү боюнча таймашат. Тактап айтканда 63 команда.
-Волейбол
-Футбол
-Тогуз коргоол
-Шахмат
-Стол тенниси
Спорттук иш-чаранын ачылышында С.Боенов катышуучуларга ийгилик каалап, спартакиаданын максаты – билим берүү жана илим кызматкерлеринин ортосунда бир гана спорттук таймашуу өткөрүү эмес, ынтымакты тереңдетүүгө, тажрыйба алмашууга жана жаңы окуу жылынын алдындагы мотивация берүүгө багытталганын билдирди.
Эске салсак, буга чейин спорттук иш-чаранын биринчи этабы өткөрүлгөн. Бул эчинчи этап эки күнгө созулат.



































