АЛАЙ РАЙОНУНАН  КЕЛГЕН 25 МУГАЛИМ «КЫЗЫЛ ГВОЗДИКАДА» ЭС АЛДЫ

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим кызматерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетине караштуу «Кызыл гвоздика» эс алуу борборунда  өлкөнүн жети дубанынан келген билим берүү тармагынын кызматкерлери этап-этабы менен эс алууда.

Кызматкерлерди эс алдыруу боюнча план Борбордук комитеттин иш планына ылайык, ройондук жана шаардык кесиптик бирликтин комитеттери менен биргеликте өткөрүлүүдө.

 Бул жолу Алай районунан 25 билим берүү тармагынын кызматкерлери «Кызыл гвоздика» эс алуу борборуна барып, ден-соолукту чындап, эс алууга мүмкүнчүлүк алышты. Анда катышуучулар түзүлгөн программанын негизинде Ысык-Көлгө, дарылык касиети бар ысык сууга түшүп, Барскоондогу тоо койнунда жайгашкан шаркыратмага барып, ырдап, бийлеп ар бир мүнөтүн жогорку денгээлде көңүлдүү  өткөрө алышты.

Эс алууга барган катышуучулар  уюштуруучуларга ыраазычылык билдирип, мындай иш-чаралар мугалимдер ортосундагы ынтымакты бекемдеп, жумушка болгон эргүүнү жогорулатаарын баса белгилешти.

Окшош жаңылыктар