КРнын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн жана Кадамжай райондук комитетинин иш пландарына ылайык,райондук жана шаардык комитеттеринин төрагалары жана эсепчилеринин катышуусунда Кадамжай районунда 1С-программасы, архивдик иш-кагаздарын жүргүзүү жана башка практикалык мааниси чоң семинар өткөрүлдү.
Семинарды Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин Баткен облусу боюнча өкүлү З. Бөтөков ачып, кесиптик бирликтин ишмердүүлүгүндө финансылык тартипти, эсеп-кысап иштерин туура жүргүзүүнү жана заманбап башкаруу талаптарын күчөтүүнүн маанилүүлүгүнө токтолду.
Иш-чараны өткөргөн Кадамжай райондук комитетинин төрагасынын милдетин аткаруучу К. Жаникулов кесиптик бирликтин ишмердүүлүгүндөгү бүгүнкү күндүн маанилүү жана актуалдуу маселелерин ортого салып, катышуучулар менен ачык талкуу жүргүздү.
💬 Семинардын жүрүшүндө бухгалтердик эсеп, финансылык тартип, отчеттуулук, санариптик технологияларды колдонуу, электрондук документ жүгүртүү жана кесиптик бирликтин ишин заманбап талаптарга ылайык уюштуруу боюнча Борбордук комитет тарабынан санариптештирүү боюнча тапшырмалар жана милдеттери жеткирилди.
Өзгөчө көңүл бурууга арзый турганы — талкуулар формалдуу гана мүнөздө өтпөстөн, кызуу жана принципиалдуу пикир алышуу менен коштолду. Райондук жана шаардык комитеттердин төрагалары, эсепчилери өздөрүнүн иш тажрыйбаларынан мисалдарды келтирип, көйгөйлүү маселелер боюнча сунуштарын ортого салышты.
🤝 Мындай жолугушуулар тажрыйба алмашууга гана эмес, бирдиктүү иш алып барууну күчөтүүгө, финансылык жана уюштуруучулук маселелерди тактоого, кесиптик бирликтин ишинин сапатын жогорулатууга өбөлгө түзөт.
Башкы максат — бирдиктүү позиция, так эсеп, ачык-айкын иш жана кесиптик бирликтин мүчөлөрүнүн кызыкчылыгын сапаттуу коргоо!


















